Америка Кошмо Штаттары Климат боюнча Париж келишимине расмий түрдө кайтып келди

АКШ Климат боюнча Париж менен келишимин кайра түздү.
Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Байдендин администрациясы расмий түрдө Трамп баш тарткан Париж климаттык келишимине кайтып келди.
Белгилей кетсек, АКШ өкмөтүнүн климаттын өзгөрүүсү боюнча атайын чабарманы Жон Керри АКШнын Британиядагы жана Италиядагы элчилери, БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш жана БУУнун климаттык дымагы боюнча өкүлү Майкл Блумберг менен жолугушту.
Бул кадам боюнча чет элдик илимпоздор жана дипломаттар Жо Байдендин президенттигинин биринчи күнүндөгү буйругунан 30 күн өткөндөн кийин таанылган келишимге Кошмо Штаттардын кайтып келишин кубатташты.
Эске салсак, 2015-жылы түзүлгөн келишимди 200гө жакын өлкө климаттык катастрофалык өзгөрүүлөргө жол бербөө максатында кол койгондон бери андан АКШ гана чыгып калган.
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүү өтө эле кымбатка турарын айтып, келишимден чыгуу демилгесин баштаган.

Комментарий жиберүү