Америка Кошмо Штаттары Хашокжинин өлтүрүлүшү боюнча жаңы маалыматтарды ачыктайт

АКШнын Улуттук чалгындоо агенттиги ушул аптада Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын кабарчы Жамал Хашокжини өлтүрүүгө буйрук бергендиги тууралуу отчетун жарыялайт.
Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, ушул жумада жарыяланууга тийиш болгон отчетто Эр-Рияддын бийлигине каршы чыккан жазуучу Хашокжуну өлтүрүүгө буйрук берген чалгындоо агенттиктеринин табылгалары боюнча маалыматтар берилет.
Белгилей кестек, Саудиянын мураскер ханзаадасына каршы чыккан журналист Хашокжи 2019-жылы сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Сауд Аравиясынын консулдугуна административдик жумушка барганы барганда өлтүрүлгөн, бирок анын денеси дайынсыз болгон.
Washington Post гезити отчеттун чыгышын президент Жо Байдендин шайлоо алдындагы ачык-айкындуулук убадалары менен байланыштырып, бул отчет ансыз деле курчуп кеткен АКШ менен Сауд Арабиянын мамилесин эң төмөн деңгээлге жеткириши мүмкүн деп билдирди.
Ал эми, 2019-жылы АКШ Конгресси АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптан мындай классификацияланбаган отчет берүүсүн талап кылган мыйзам кабыл алган, бирок Трамп бул өтүнүчкө көңүл бурган эмес.

Комментарий жиберүү