АУЦАнын президенти баңги заттарды сатууга шектелип кармалды (видео)

Коопсуздук органдары АУЦАнын президенти Эндрю Качинс баңги заттар менен кармалып, текшерүүгө алынганын билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги АУЦАнын президенти Эндрю Качинс ИИМдин тергөө кызматы тарабынан катталган сотко чейинки суракка чакырылгандыгын билдирген.

Кийинчерээк, Эндрю Качинс Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү” беренеси боюнча суракка чакырылгандыгы белгиленди.

Берилген маалыматтар боюнча, АКШнын жаранынан дээрлик бир килограмм баңгизат табылып алынган. Учурда  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кызматы менен биргеликте ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ал эми Эндрю Качинс өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында сурак берүүдө. Учурда полиция кызматкерлери Эндрю Качинске таандык Lexus 350 үлгүсүндөгү унааны текшерип жатышат.

Булактардын айтымында, анын колунда мыйзамсыз сатып алган бир килограммдай антидепрессанттар болгон. Алар баңгизат деп эсептелет.

Белгилей кетсек, Доктор Эндрю Качинс Борбор Азиядагы Америка Университетинин жетинчи президенти. АУЦАнын президенти болуп дайындалганга чейин, Качинс Жоржтаундагы Тышкы Кызматтар мектебинин Евразия, Орусия жана Чыгыш Европаны изилдөө борборунун улук илимий кызматкери жана илимий профессору болгон.

Эске салсак, буга чейин Качинс өзүнүн кош бойлуу кызматкерине университет тууралуу негативдүү сүрөттөрү үчүн катуу кыйкыргандыктан улам анын боюнан түшүп кала жаздаганын Самира Алтынбекова аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасынан билдирген.

Анын айтымында, университеттин башчысы эмне үчүн PR-бөлүмүнүн кызматкерлери отчетто терс мүнөздөгү жаңылыктарды сактап жүрүшкөндүгүнө  жана аларды маанилүү жолугушууда билдиришкенине кызыккан.

“Анын ою боюнча, алардын артында кимдир бирөө турат. Ал кош бойлуу Алинанын телефонун тартып алып, ага кыйкырды. Кызматкер муну мындай мүнөздөгү жаңылыктарды отчётто сактоо алардын жумушу деп түшүндүрдү. Жаңжалдан кийин кызматкер кансырап баштап, ооруканага түштү. Аялдын күйөөсү арыз менен администрацияга кайрылды” – деп билдирген Алтынбекова. БААУнун администрациясы азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликтүү эмес.

Комментарий жиберүү