Африкада белгисиз оору 100дөй адамдын өмүрүн алды

Түштүк Судандын Фангак шаарында белгисиз оору катталып, 100гө жакын адамдын өмүрүн алды.

Белгисиз оорудан массалык өлүм катталгандыктан, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аймакка ыкчам тобун жөнөткөн.

Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, бир апта ичинде Фангак округунда 89 адам каза болгон. Учурда аталган уюмдун эксперттери жаңы оорунун эмнеден келип чыкканын иликтей башташты.

Буга чейин бул аймакта катуу сел жүргөн. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмгө холера себеп болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

“Биз тобокелдиктерге баа берүү жана иликтөө үчүн ыкчам жооп берүү тобун жөнөтүү чечимин кабыл алдык. Алар оорулуу адамдардан үлгүлөрдү алышат, бирок буга чейин бизге 89 өлүм катталганы тууралуу маалымат берилген”, – деп билдирди ДССУнун өкүлү Шейла Байя.

Жергиликтүү адистер холерага иликтөө жүргүзүү үчүн оорулуулардан үлгүлөрдү алышып, ал иликтөөнүн жыйынтыгы терс чыкканнын айтышкан.

Комментарий жиберүү