Ашыкча фруктоза иммундук системага коркунуч келтирет

Окумуштуулар фруктозаны (жемиштерден алынган кант) көп жеген ден-соолукка зыян деп эсептешет.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, окумуштуулар иммундук системага коркунуч келтирүүчү тамактануу адаттарын тизмектешти. Фруктозанын көп дозасы иммундук системага терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгы “Nature” журналына жарыяланды.
Мындай жыйынтык фруктозанын чычкандарга тийгизген таасирин изилдеген Суонси университетинин, Бристол университетинин жана Фрэнсис Крик институтунун адистери тарабынан чыгарылган.
Жемиштердеги глюкоза чычкандардын организминде сезгенүүчү цитокиндердин деңгээлин жогорулатуучу процесстер – глутамолизин жана кычкылдануу метаболизмин стимулдаштырган. Фруктозаны көп пайдалануунун иммундук системанын сезгенүү реакциясына алып келүүсү органдарга зыян келтирет, ошондой эле клеткаларды жана ткандарды жабыркатат.
Адистердин айтымында, фруктоза тез чечим кабыл алууга жана агрессияга түрткү берет. Фруктоза – бул жемиштерде жана балда көп болгон табигый таттуу зат. Бул сироп түрүндөгү таттуу зат сахарозанын мыкты алмаштыруучусу катары ар кандай тамак-аш жана фармацевтика тармактарында колдонулат.

Комментарий жиберүү