Берлинде 100 миңден ашуун адам Украинадагы операцияга каршы жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Кечээ, 27-февралда Германиянын баш калаасы Берлинде Украинадагы тынчтык үчүн массалык демонстрацияга 100 миңден ашуун адам чыкты. Германияда көптөн бери нааразылык демонстрациялары мынчалык көп адамдарды чогулта элек болчу.

Акцияга саясатчылар, профсоюздардын өкүлдөрү, экоактивисттер, диаспора өкүлдөрү жана кайдыгер карабаган адамдар чогулду.

Демонстрациянын катышуучуларынын көбү плакаттарды, Украинанын желегин көтөрүп, “Биз тынчтык үчүн” деген ураандарды чакырышып, Украинадагы согушту токтотууну талап кылышты.

Ошондой эле демонстранттар Украинага тилектештик билдирип асманга сары жана көк шарларды учурушту.

Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы төрт күндөн бери уланууда. Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, операциянын максаты – Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, Донбасстын геноцидге дуушар болгон карапайым калкын коргоо.

Комментарий жиберүү