Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары төртүнчү жолу кезиккени жатат

Быйыл Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик төртүнчү жолугушуусу Кыргызстанда өтөт. Ал 2022-жылдын 21-июлунда болоору пландалды.

Бул тууралуу 4-июлунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болду.

Кыргызстан президентинин маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, өлкө башчылардын маегинде аталган жолугушууга карата даярдык иштерин жана анын күн тартибин да талкуулашкан. Билдирүүдө кошумчалангандай, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алганы белгиленген.

Эки мамлекеттин президенттеринин сүйлөшүүсү Өзбекстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу болгон.

Тактап айтканда, Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстандагы туруксуз саясий абал түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Жапаров Мирзиёев менен байланышып, бул окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын айткан. Ал «өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган» аракеттердин аркасы менен аймактагы кырдаал жөнгө салынып, андан ары курчушуна жол берилбегенин белгилеген.

Консультативдик жолугушуунун тарыхы…

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жыйыны алгачкы жолу 2018-жылы 17-мартта Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн. Анда Борбор Азия чөлкөмүнө кирген мамлекеттер өз ара кызматташтыкты арттырып, элдер ортосундагы ынтымак, достукту чыңдайт деп айтылган.

Ошондуктан өлкө башчылары бул консультативдик кеңешмени ар жылы Нооруз майрамынын алдында жолугушууну макулдашышкан. Бирок кийин ыңгайлуу башка учурларга жылдырылып, жалпы аймактык майрамдардын же эл аралык иш-чаралардын алдында өтө турганы белгилүү болду.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жыйыны экинчи ирет 2019-жылдын ноябрь айында Өзбекстанда өткөрүлдү. Анда аймактык коопсуздук, соода, экономикадан тартып маданий кызматташтыкка чейинки маселелер ортого салынган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин бул жолугушуусуна Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламент спикери катышкан.

Өлкө башчылар аталган кеңешме жыйын коңшулаш элдердин ынтымагын чыңдоого чоң түрткү болорун белгилеп, мындан сырткары кызматташтыктын бир нече багыттары боюнча кызуу талкуу болгонуна ынанышкан.

Аталган жыйындын үчүнчү айлампасы 2020-жылы август айында Кыргызстанда өтө турган болгон. Бирок андан кийин саммит күзгө чейин жылдырылып, бирок COVID-19 коронавирус пандемиясынын айынан ал өтпөй калган.

Кийинчерээк Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде саммит 2021-жылы Түркмөнстанда өтөөрүн жарыялаган.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин бул саммитинин үчүнчү айлампасы 2021-жылдын 6-августтунда Түркмөнстандын «Аваза» аттуу улуттук туристтик аймагында өттү. Анда деле өз ара көп тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду дегенден башка маалыматтар айтылган эмес.

Эми бул консультативдик жыйындын төртүнчү айлампасы быйыл, 2022-жылдын 21-июлунда, Кыргызстанда өткөнү турат.

Көз карандысыз мамлекеттердин көз карандылыгы…

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары бул өңдүү жыйынга дээрлик 20 жылдан бери чогула элек болчу. Алардын алгачкы жыйыны СССР тарагандан кийин болгон. Анда Советтер Союзу тарагандан кийинки кызматташтыкты талкуулашса, эң акыркы жыйын Арал деңизинин келечегине арналган.

Андан кийин президенттер Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму же Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында гана кездешип келишкен.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы менен өлкө башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат. Анда негизги максат – өз ара аракеттенүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө жана ийгиликке жетишүү болот.

Консультативдик жыйындын түпкү маңызы эмнеде?

Бул жыйындын жыйынтыгында берилген маалыматтарда мамлекеттер аскердик кызматташуу тууралуу эч кандай сөз айтылбайт.

Аскердик кызматташуудан сырткаркы, дээрлик бардык тармактар боюнча өз ара кызматташуу тууралуу келишимдерге, протоколдорго кол коюлганы жөнүндө маалыматтар берилет.

Акыркы жылдары Борбор Азиядагы түрк тектүү элдердин (кыргыз, казак, өзбек, түркмөн) ичинде “Туран идеологиясы” бей расмий жүргүзүлүп келет. Башкача айтканда, түркий мамлекеттерди биригүүгө үндөшөт. Бул жерде Түркиянын колу бар деп баалашат.

Расмий айтылбаган менен ушул идеологияны Борбор Азиядагы мамлекеттер тымызын колдоого алуусу байкалат. Анткени СССР тарагандан кийин бул аймакта Эл аралык түрк элдеринин маданиятын бириктирген Түрксой уюмунан тартып, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы, кийин түптөлө баштаган Консультативдик жыйындардын иштеп жатышы “Туран идеологиясына” караманча каршы келет деп айтууга болбойт.

Комментарий жиберүү