Борис Жонсон отставкага кетүүгө макул болду

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматынан кетүүгө макул болду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, ал бүгүн, 7-июлда британ элине кайрылуу жасайт.

Бирок Жонсон күзүндө консерваторлор партиясынын жаңы лидери шайлангыча премьердин кызматын аткара берет.

Белгилей ктесек, бир аптага жетпеген убакыттын ичинде Улуу Британиянын министрлер кабинетин отуздан ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлери Борис Жонсонго нааразычылыгын билдирип, отставкага кетишти. 

Буга өлкөнүн ТИМинин Европа жана АКШ иштери боюнча экс-орун басары Крис Пинчердин лондондук клубдардын биринде мас болуп алып чатак салганы себеп болгон.

Бир катар саясатчылар премьер-министр Пинчердин буга чейинки кылыктарын билип туруп, консерваторлордун парламенттик фракциясынын орун басарлыгына дайындаган деп, ага доомат кылышкан.

Премьер-министр шейшемби күнү “эки жакты карабай эле туура эмес чечим кабыл алып койгонун” мойнуна алып, кабинеттин мүчөлөрүнөн кечирим сураган.

Ал өкүнгөнүн айтканы менен, министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ага ишеним көрсөтпөй турганын жана анын башкаруу ыкмаларына макул эместигин билдирип, кызматтан кетишкен.

Ошондой эле 6-июлда отставкага кеткен бир нече министр Жонсонго кат жазып, аны отставкага кетүүгө чакырышкан. Алгач Жонсон ага макул эместигин билдирген эле.

Комментарий жиберүү