БУУ: Дүйнөдө 84 миллион адам качкын болууга аргасыз болгон

Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы (UNHCR) жер которгондордун санынын өсүү тенденциясы 2021-жылы да сакталганын билдирди.

Бул тууралуу БУУнун сайтында айтылат.

БУУнун эсептөөлөрү боюнча, 2020-жылдын аягынан 2021-жылдын июнь айына чейин дүйнөдө качкындардын саны 82,4 миллиондон 84 миллионго чейин өскөн. Алардын ичинен 51 миллиону өз өлкөсүнүн чегинин ичинде жер которгон, алардын көбү Конго менен Эфиопиянын жарандары. Мындан тышкары, Мьянма жана Ооганстандагы кырдаал да 2021-жылдын январь-июнь айлары аралыгында адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур кылган.

“Эл аралык коомчулук адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур кылган зордук-зомбулук, куугунтук жана адам укуктарынын бузулушунун алдын ала албай жатат”, –  деди БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери качкындар убактылуу жашаган көптөгөн аймактарда ансыз да оор кырдаалды кыйындатууда.

Жалпысынан акыркы жылда эң көп качкындар беш өлкөдөн келген: Борбордук Африка Республикасы – 71,8 миң, Түштүк Судан – 61,7 миң, Сирия – 38,8 миң, Ооганстан – 25,2 миң жана Нигерия 20,3 миң.

БУУ ошондой эле быйыл 126,7 миң качкын мекенине кайтып келе алганын белгиледи.

Буга чейин БУУ дүйнөдө жалпысынан 48 миллион адам дүйнөлүк кагылышуулардан улам качкын статусуна ээ болгонун билдирген. Бул рекорддук тарыхый көрсөткүч.

Комментарий жиберүү