Вашингтон Орусияга каршы жаңы курал-жарак санкцияларын киргизүүдө

АКШ Орусияга каршы жаңы курал-жарак санкцияларын 18-марттан баштап киргизет.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык,  АКШнын Соода министрлиги 18-март күнү Орусияга курал-жарак экспортоо боюнча жаңы санкцияларын киргизээрин жарыялады.
 Белгилей кетсек, АКШнын Соода министрлигинин билдирүүсүндө химиялык операцияларда колдонула турган технологияларды Орусияга экспорттоодо жаңы чектөөлөр киргизилээри айтылат.
 АКШнын Соода министрлигинин билдирүүсүндө, чектөөлөр 18-мартта күчүнө кирет.
Sputnik агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтына жарыяланган билдирүүдө: “АКШнын санкцияларына Орусияга коргонуу продукцияларын жана коргонуу кызматтарын экспорттоого лицензия берүүдөн баш тартуу кирет”,- деп айтылган.
Эске салсак, Вашингтон Орусияга киргизген санкцияларына батышчыл Алексей Навальныйдын ууландырылуусу боюнча жалаасы шылтоо болууда.

Комментарий жиберүү