Гаитиде жер титиреп, 1300дөй адам каза болду

Гаити мамлекетинде каттуу жер титирөө катталды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
14-августта өлкөнүн түштүгүндө күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталып, өлкөдө бир айга өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Маалыматка караганда, тибият кырсыгынан 1300дөй адам каза болгон жана миңдеген адамдар жаракат алган.
Жереми жана Ле-Ке шаарларындагы турак жайлардын көбү кыйрап, жараксыз абалга келген.
Жер титирөөнүн күчү Багам аралдарында, Доминикан Республикасы, Ямайка, Пуэрто-Рико, Теркс жана Кайкос аралдары, АКШнын сырткы аралдарында жана Кубада да сезилген.
Бул жаратылыш кырсыгы 2021-жылдагы эң күчтүү жана эң көп өлүмгө алып келген жер титирөө болуп калды.
Жер титирөөдөн кийин олуттуу цунами коркунучу бар экени айтылган, бирок катталган жок.
АКШнын Геологиялык кызматы жер титирөөнү ири масштабдуу кырсык катары баалады.

Комментарий жиберүү