Гүлендин уулангандыгы тууралуу маалымат жалган экени айтылды (видео)

Оппозициячыл дин аалымы Фетхуллах Гүлендин уулангандыгы тууралуу маалымат жалган экенин ал жашаган Пенсильвания штатындагы эс алуу борборунун жетекчилиги РИА Новостиге билдирди.

Түрк маалымат каражаттары жазгандай, Пенсильвания штатында жашаган Гүлен бул борбордо ууланган.

“Бул жалган маалымат. Мен аны беш күн мурун көргөм, бүгүн дагы көрөм”, – деди “Алтын муун” сыйынуу жана обочо борборунун төрага орун басары Сезай Саблак.

Буга чейин Гүлен ууланып, каза болгондугу тууралуу маалымат чыккан. Бирок, бир дагы ири басылма бул маалыматты тастыктай элек. Гүлендин өлүмү тууралуу маалыматты анын тарапкерлери да четке кагышты.

Интернет айдыңында да Гүлен креслодо отуруп, сыйынып жаткан видео пайда болду. Бирок активисттин каза болгондугун билдирген журналисттер бул видеону монтаж деп аташты.

Жергиликтүү полиция буга чейин РИА Новостиге Гүлендин өлүмү тууралуу маалыматты тастыктай турган маалымат жок экенин билдирген.

Түрциянын бийлиги FETO деп атаган Гүлендин уюмун 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыптап келет.

Түркияда ишке ашпай калган төнкөрүштөн кийин 80 миңден ашуун адам камакка алынып, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер, анын ичинде аскер кызматкерлери жумуштан айдалган.

АКШда жүргөн Гүлен өзү төңкөрүш аракетин айыптап, өзүнө каршы айтылган айыптарды четке каккан.

Комментарий жиберүү