“Дельта” жана “Омикрон” штаммдары бир эле учурда жугушу мүмкүн

Коронавирустун эки штаммы – “Дельта” жана “Омикрон” бир убакта жугуп калуусу мүмкүн.

Бул тууралуу америкалык фармацевтикалык Moderna компаниясынын башкы дарыгери Пол Бёртон билдирдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Бул вирустун андан аркы эволюциясы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү айтылууда.

“Жакынкы айларда бул эки штамм жанаша жашайт. Омикрон Дельта менен болгон өтө оор кырдаалдын фонунда адамдарга жуга баштайт. Бул адамдарда эки вариантты бир убакта жуктуруп алууга алып келиши мүмкүн. Бул вирустардын андан ары өнүгүшүнө жана мутацияланышына мүмкүндүк берет”, – деди Бёртон.

Эксперттин айтымында, кырдаал кооптонууну жаратууда жана иммунитети начар адамдар көбүрөөк тобокелчиликке кабылышат.

Ошондой эле, бүгүнкү күнгө чейин, реанимация бөлүмдөрүндө Омикрон менен ооругандардын санын Дельта штаммы менен ооругандардын саны менен салыштырууга болорун билдирди.

Комментарий жиберүү