ДССУ: Ооганстанда ачкалыктан улам 1 миллион бала өлүшү мүмкүн

Ооганстанда ушул жылдын аягына чейин жетишсиз тамактануудан улам кеминде 1 миллион бала өлүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Маргарет Харрис жума күнү брифингде билдирди.

“Ооганстанда жетишсиз тамактануу өсүп жаткан көйгөй бойдон калууда. Ушул жылдын аягына чейин беш жашка чейинки 3,2 миллион бала өтө жетишсиз  тамактануудан улам жапа чегиши мүмкүн. Алардын ичинен кеминде 1 миллиону тез арада дарыланбаса, өлүп калуу коркунучунда турат”, – деди учурда Ооганстанда жүргөн Харрис.

Анын айтымында, ДССУ Ооганстандын 23 провинциясындагы 47 саламаттыкты сактоо мекемесине балдардын жетишсиз тамактануусун дарылоо үчүн каражат жөнөткөн.

Ошондой эле ал 2021-жылы Ооганстанда кызылча (корь) оорусунун көп болушуна көңүл буруп, бул оору жетишсиз тамактанган балдар үчүн “өлүм өкүмү экенин” баса белгиледи.

Республикада 2021-жылдын январынан бери кызылча оорусун жуктурган 24 миңден ашык клиникалык учур, 2397 лабораториялык тастыкталган учур аныкталып, бул оорудан 87 өлүм катталган.

Харрис эл аралык коомчулукту муктаж болгон оогандыктарга жардам берүүгө чакырды.

Комментарий жиберүү