ДССУ: Өткөн жумада дүйнөдө COVID-19га байланыштуу өлүм-житим 20%га азайды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) 15-февралдан 21-февралга чейин дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 11% га төмөндөгөнүн, ал эми каза болгондордун саны өткөн жумага салыштырмалуу 20% га азайганын каттады.

Бул маалыматтар 23-февралда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтындагы ар жумалык эпидемиологиялык бюллетенде жарыяланганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. “Дүйнөдө вирус жуктуруунун жаны учурлары жөнүндө билдирүүлөрдүн саны алтынчы жума катары менен азайып, алардын саны 11% га аз катталды”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Өткөн жумада дүйнө жүзү боюнча COVID-19 жуктуруунун 2 457 026 жаңы учуру жана 66 359 өлүм катталган. 2021-жылдын 21-февралына карата дүйнөдө вирус жуктуруунун 110 763 898 учуру катталып, 2 455 331  адам каза болгон. Түндүк жана Түштүк Америкада оорунун 19%га, Батыш Тын океан аймагында 9%га, Европада 7%га, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 7%га төмөндөшү байкалган. Бул аймактарда өлүм-житимдин көрсөткүчтөрү тиешелүүлүгүнө жараша 23%, 6%, 19% жана 3%га төмөндөгөн. Ошондой эле Африкада өлүм-житимдин 20%га, Түштүк-Чыгыш Азияда 6%га төмөндөгөнү байкалган.

Комментарий жиберүү