Дубайда чет элдик жаран көчөгө акча чачканы үчүн камакка алынды

Европалык ишкер БАЭде түрмөгө кесилди.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Дубайдын Кылмыш соту европалык ишкерди азиялык жумушчулар тобунун көзүнчө автоунаанын терезесинен 50 000 еврону чачып жибергендиги үчүн эки жылга эркинен ажыратып, 200 000 дирхам (54 000 доллар) айып пул салды. Окуяда жумушчулар чачылган акчаларды чогултууга ашыгып, коомдук тартипти бузганда, акчаны чачкан киши видеонун жардамы менен Инстаграмда жаңы жолдоочуларды табуу үчүн уюлдук телефондун камерасына окуяны тартып баштаган.
Al Баян басылмасынын маалыматына ылайык, социалдык тармактагы баракчасында ишкер кымбат баалуу жашоо образын жигердүү көрсөтүп, өзүнүн канчалык бай экендигин көрсөтүү үчүн чуулгандуу акча таштоо өнөктүгүн баштаган.
Белгилей кетчү нерсе, ал киши унаасынын терезесинен ыргытып жиберген акчалар жасалма болуп чыккан.
Кармалгандан кийин ишкер аларды кытайлык интернет дүкөндөн сатып алгандыгын мойнуна алган.

Комментарий жиберүү