Египеттин жаңы банкнотуна гейлердин белгиси киргизилет

Египет өкмөтү 2021-жылдын ноябрында рынокто пайда боло турган жаңы акча банкнотторунда гейлердин желегин (ЛГБТ) символикасын колдонушу, калк арасында көптөгөн нааразычылыктарды жаратты.

 Бул тууралуу Абдул-Азиз Абу Аль-Аинин мындай деп жазат: “Биздин абалыбызды карачы, биздин акчабызда гейлердин желектери турат, Аллах бизге ырайым кылсын! “Банкноттордо колдонулуучу гейлердин желегинен башка түстөр калбай калган окшойт”.
Ал эми, Тунис 365 колдонуучусу бул тууралуу мындай деп жазган: “Жаңы акчага “Мухаммад Али” мечитинин дизайнында гейлердин желегинин түсүн колдонуу мусулмандардын ыйык нерселерине шек келтирүү болуп саналат”.
Египеттик белгилүү аалым Набил аль-Халфави бул кадамды “Египеттин акчасы үчүн уят” деп атады.

Комментарий жиберүү