Запорожье атомдук электр станциясынын электр жарыгы үзүлдү

Фирманын жазуу түрүндөгү жарыясында атомдук объектиге жакын жердеги өрттөрдүн электр станциясын Украинанын электр тармагына туташтырган линияларына зыян келтиргени белгиленди.

Украинанын «Энергоатом» мамлекеттик атомдук энергетикалык компаниясы Запорожье АЭСи тарыхта биринчи жолу электр тармагынан ажыратылганын билдирди.

Фирманын жазуу түрүндөгү жарыясында атомдук объектиге жакын жердеги өрттөрдүн электр станциясын Украинанын электр тармагына туташтырган линияларына зыян келтиргени белгиленди.

Билдирүүдө АЭС тарыхта биринчи жолу линиялардын бузулушунан улам электр тармагынан ажыратылганы айтылды.

АЭС жайгашкан Энергодардагы орусиячыл бийликтер тарабынан жасалган билдирүүдө, аймактагы кагылышуулардан улам электр энергиясынын өчүрүлүшүнө байланыштуу АЭСте коопсуздук системасы ишке киргизилгени маалымдалды.

Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье атомдук электр станциясы Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.

6 атомдук реактору бар жана 5 миң 700 мегаватт-саат электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугуна ээ болгон электр станциясы Украинадагы жалпы электр энергиясынын 20 пайызын камсыздайт.

АЭСти орустар 4-мартта басып алышкан. Учурда орус армиясынын көзөмөлүндө турган АЭСтин айланасында артиллериялык чабуулдар болуп жатат. Украина менен Орусия бул чабуулдар үчүн бири-бирин айыптоодо.

Комментарий жиберүү