Израил аскерлери 80 жаштагы палестиналык адамдын колу-бутун жана оозун байлап, өлүү үчүн муздак үйгө таштап кетишти!

Сионисттердин “Yedioth Ahronoth” гезити иликтөөсүндө палестиналык карыянын шейит болушуна байланыштуу сионисттик режим армиясынын акыркы кылмышынын жаңы деталдарын жарыялады, анын эң маанилүү бөлүктөрү төмөндөгүлөр:

Израил аскерлери 80 жаштагы палестиналык адамдын колу-бутун жана анын оозун таңып жатышат.

Армиянын жоокерлери карыяны кыштын суугунда алыскы үйгө таштап кетишкен.

Мындай жүрүм-турумуна ал аскерлердин физикалык текшерүүсүнө каршы чыкканы себеп болгон.

80 жаштагы палестиналык Омар Абдел Мажид Асад өткөн шаршемби күнү сионисттер тарабынан шейит болду

Комментарий жиберүү