Израил кайрадан Сирияга сокку урду

Израил Сириянын түндүк-батышындагы Эль-Кунейтра провинциясындагы Хадер аймагына кол салды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар Сириянын SANA мамлекеттик агенттигине шилтеме берип жазышты.

Маалыматка караганда, кол салуудан жабыркагандар жана курман болгондор жок.

“Израиль Эль-Кунейтранын түндүгүндөгү Хадер аймагынын чет жакасына ракеталык чабуул жасады. Материалдык жактан гана зыян болду”, – деп жазылат маалыматта.

Буга чейин, акыркы жолу апрель айынын ортосунда Израил Сириянын борбору Дамасктын чет жакаларына абадан чабуул жасаганын, бир катар объектилер аткыланганын SANA агенттиги кабарлаган.

Кол салуу Голан дөңсөөлөрү тараптан шаардын батышындагы айыл жерлерине жасалган. Абадан коргонуу күчтөрү ракеталардын бир бөлүгүн атып түшүрүүгө жетишкен.

Комментарий жиберүү