Индияда ооруканада өрт чыгып, 13 бейтаптын өмүрүн алып кетти

Индиянын Махараштра штатынын бир ооруканасында коронавирус менен ооруп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан 13 бейтап өрттөн каза болду.

Өлкө бийлиги жума күнү таңга маал чыккан өрт өчүрүлүп, төрт адамды өрттөн куткарылып, жакынкы ооруканаларга жеткирилгенин билдирди. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз жана Махараштранын губернатору тиешелүү тармактарга өрттүн келип чыгуу себептерин иликтөөнү буйрук кылган.

21-апрелде ушул эле штаттын дагы бир ооруканасында кычкылтек чыгып, натыйжада жасалма дем алдыруучу аппараттагы 22 бейтап каза болгону маалымдалган.

Индия коронавирустун жайылышына каршы күрөшүп жаткан учуру. Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын санынын кескин өсүшү кычкылтек генераторлорунун жетишсиздигине жана реанимация бөлүмдөрүндө керебеттердин тартыштыгына алып келди.

Индияда жума күнү коронавирусту жуктурган 332 миңден ашуун адам катталды, бул коронавирус боюнча дүйнөдөгү бир күндүн ичинде эң көп катталган көрсөткүч. Ал эми акыркы 24 саат ичинде бул өлкөдө илдеттен каза тапкандардын саны 2263 адамга жетти.

Индия дүйнөдө коронавирустун катталган учурларынын санынын 11,19%ын түзөт жана АКШдан кийинки эле экинчи орунда турат. Учурда өлкөдө 8944 бейтап оор абалда экени айтылууда.

Комментарий жиберүү