Индонезиянын Синабунг жанар тоосу атылды

Индонезиянын вулканологиялык борбору Синабунг тоосу атылганын жана 5 км. радиуска чейин ысык күл чачыраганын билдирди.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги маалымдады.
Индонезиянын вулканологиялык борбору кечээ, шейшемби күнү Суматра аралындагы Синабунг жанар тоосу өткөн август айынан бери биринчи жолу атылып, 5 км аралыкка чейин ыссык күл бүркүп жатканын жана аймакты күл аралашкан булут каптаганын билдирди.
Синабанг жанар тоосунун активдүүлүгү былтыркыдан кыйла жогорулаган жана Суматра провинциясынын түндүгүндө экинчи коркунучтуу атылуу болушу мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү берилди.
Индонезия географиялык жана вулканологиялык борборунун берген маалыматына ылайык, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Бирок адамдарга тоонун этегинен 3 км алыстыкта туруу сунушталган.
Синабунг жанар тоосунун бийиктиги 2,5 миң метр. Ал 400 жыл уктап жатып, биринчи жолу 2010-жылы атылган. Андан кийин 2015-жылы да коркунуч жаралып, 5 миңге чукул адам ал жерден көчүрүлгөн.

Комментарий жиберүү