Иранда күчү 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды (видео)

Ирандын түштүгүндөгү жер титирөөдөн эки адам каза таап, 98 киши жаракат алды.

Кечээ, 14-ноябрда түштөн кийин катталган биринчи жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетсе, экинчи жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жеткен.

Жер силкинүүнүн очогу Бендер-Аббас шаарынан (Хормозган провинциясы) болжол менен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Аймакта электр энергиясы жана телекоммуникация системалары үзгүлтүккө учураган.

Жабыркагандардын бири электр берүү линиясынын мамысынын кулашынан улам каза болгон.

Жер титирөө Хормозган провинциясынын түндүгүндө жайгашкан коңшулаш Керман жана Фарс провинцияларында да сезилди.

Комментарий жиберүү