Иранда 700 миң жыл мурда жасалган куралдар табылды

Окумуштуулар бул куралдар эрте палеолит дооруна таандык болушу мүмкүн деп алдын ала божомолдошууда.

Ирандык археологдор батыштагы Керманшах провинциясында казуу иштеринин жүрүшүндө ондогон таш куралдарды табышкан, ал буюмдар болжолдуу түрдө 1 миллион жыл мурун эчак жок болуп кеткен адам түрү Homo erectus өкүлдөрү тарабынан жасалган.

“Tehran Times” гезитинин жазганына караганда, археологдор бир жумалык изилдөөнүн жүрүшүндө ондогон таш балталарды жана бычактарды, ошондой эле байыркы усталар өздөрүнүн куралына айландырууга жетишпей калган таш буюмдарынын сыныктарын табышкан.

Алдын ала талдоолор буюмдар эрте палеолит дооруна таандык экенин көрсөттү. Окумуштуулар азырынча алардын так датасын айта алышкан жок. Бирок, эксперттер табылган куралдардын жашы 700 миңден 1 миллион жылга чейин деп эсептешет.

Техникалык мүнөздөмөлөрү жана типологиясы боюнча алар ашель маданиятынын аспаптарына окшош келет.

Комментарий жиберүү