Ирандык генерал: Иран космоско спутник учурган биринчи мусулман өлкө

Иран “Нур-2” деп аталган спутнигин космоско ийгиликтүү учурганын, аппарат орбитага жеткенин билдирди.

Спутникти учуруу иш-чарасында сөз сүйлөгөн Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Хусейн Салами Иран космоско спутник учурган алгачкы мусулман өлкөсү экенин белгиледи.

Генерал космосто болуу дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн критерийлеринин жана көрсөткүчтөрүнүн бири экенин баса белгилеп, “Биз кайрадан асмандан көз салып, космостон жерди карай алганыбыз чоң жетишкендик”, – деди.

Ал иран элинин уулдары эл аралык санкцияларга карабастан өз күчүнө таянып космоско спутник учура алганы чоң сыймык экенин баса белгиледи.

“Бүгүн биз Иранды артка калтыргысы келген душмандарды жеңе алдык, бул татаал технологияларга жана жаңы билимдерге ээ болуп, аны ийгиликтүү продуктуга айланта алдык”, – деп билдирди Салами.

Кечээ, 8-мартта Ирандын “Нур-2” деп аталган спутниги космоско учурулуп, 500 чакырымдык орбитага ийгиликтүү жеткен.

Бул Ирандын орбитага учурулган экинчи спутниги болуп саналат. Буга чейин орбитага “Нур 1” деген ракетасы ийгиликтүү чыгарылган.

Комментарий жиберүү