Ирандын тышкы иштер министри менен Эрдоган Кавказдагы “3+3” планын талкуулашты

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кавказда “3+3” планы тууралуу сүйлөштү.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Түркияга барган Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф кечээ, жума күнү түштөн кийин Стамбул шаарында өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги жолугушууларда эки тараптын кызыкчылыгындагы маселелер, анын ичинде Кавказда “3+3” форматында кызматташтыкты талкууланганын билдирди.
Буга чейин, Түркиянын ТИМ жетекчиси Ирандын ТИМ жетекчиси менен биргелешип өткөргөн малымат жыйынында “3+3” форматын (Азербайжан, Армения, Грузия, Иран, Түркия, Россия) колдоп сүйлөгөнү маалымдалган.
Ошондой эле, Ирандын тышкы иштер министри менен Түркиянын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн жолугушуусунда эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу, эки өлкө ортосундагы темир жол линияларын көбөйтүү жөнүндө макулдашуу, Ирак жана Сирия боюнча кызматташтык, Ооганстан менен үч тараптуу кызматташтык, Палестина элинин укуктарын коргоо боюнча келишим түзүү маселелери дагы талкууланган.
Зариф ушул жуманын ичинде иш сапары менен Азербайжан, Орусия, Армения, Грузия жана Түркия өлкөлөрүн кыдырды.

Комментарий жиберүү