Ирандын Шанхай келишими менен соода жүгүртүүсү 23 млрд. доллардан ашты

Ирандын бажы өкүлү: “2020-2021-жылдар ортосунда Ирандын Шанхай келишимине мүчө өлкөлөр менен соода көлөмү 23 млрд. 165 млн. 95 миң 671 доллардан ашты.”

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Бажы маалымат кеңешинин катчысы Сайид Рухолла Латифи өлкөнүн Шанхай келишими менен соода жүгүртүүсү 23 млрд. доллардан ашканын билдирди.
 Ал мындай деп белгиледи: “Иран Ислам Республикасынын Шанхай келишимине мүчө өлкөлөр менен болгон тышкы соода көлөмү 41 млн. 747 миң 999 тонна товарды түзөт жана ал 23 млрд. 165 млн. 95 миң 671 долларга барабар.”
Латифи кошумчалады: “Шанхай келишиминин 11 негизги мүчөсү жана байкоочулары бар. Биздин өлкө Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Монголия, Пакистан, Индия, Ооганстан менен Беларусиянын чек ара соодасы бар. Алардын ичинен биздин Кытай менен болгон соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү 15 млрд. 518 млн. 8 миң 492 долларды түзөт.
Ирандын Бажы маалымат кеңешинин катчысы Шанхай келишимине мүчө болгон башка өлкөлөргө Ирандын экспортунун көлөмү 11 млрд. 173 млн. 650 миң 389 долларды түзгөнүн жана алар 33 млн. 339 миң 172 тонна ар кандай товарларды экенин баса белгиледи.
“Өлкөбүздүн Кытайга экспортунун эң жогорку көлөмү 6 млрд. 724 млн. 101 миң 983 доллар болсо, эң төмөнкү сумма 412 миң 809 доллардык товар Монголияга экспорттолду”,- деди ал.
Ал эми коммерциялык товарлардын түрүнө байланыштуу Латифи: “Биздин өлкөнүн Шанхай конвенциясынын өлкөлөрүнө товар экспорту ар түрдүү, алар; балыктын жана деңиз азыктарынын түрлөрү, жашылчалар, жемиштер жана текстиль, өнөр жай жана айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү камтылат. Ошондой эле тиричилик техникасы; килемдер, нефть-химия өнүмдөрү, мисте, жаңгактар болсо, ал эми биздин өлкөгө ташылып келинген продукция негизинен өнөр жай чийки заттары, эт, дары, химиялык азыктар, медициналык шаймандар, унаанын тетиктери жана запастык бөлүктөрү, кездемелердин жана экспонаттардын түрлөрү”,- деп кошумчалады.
Сайид Рухолла Латифи сөзүн жыйынтыктап жатып, мындай деп белгиледи: Кытай жана Орусия Шанхай Кызматташтык Уюмунун аныктоочу ыйгарым укуктары берилген жана Иран менен чек ара соодасында негизги өнөктөштөрү болуп саналат. Демек, биздин өлкө менен Шанхай келишимине мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелеринин жакшы келечегин элестетүүгө болот.

Комментарий жиберүү