Иран Кыргызстан менен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр

Кечээ, 12-июлда Кыргызстан менен Ирандын парламенттеринин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын жетекчилери Чыңгыз Айдербеков менен Вахид Жалалзаденин видеоконференция форматында жолугушуусу болуп өттү.

Ага эки өлкөнүн элчилери да катышты.

Алгач эки өлкөнүн өкүлдөрү бири-бирин өткөн дем алыш күндөрү белгиленген ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап өтүштү.

Видеоконференцияда тараптар эки тараптуу парламенттик кызматташуу жана алаканы кеңейтүү жолдорун талкуулап, пикир алышты.

Жалилзаде Иран коңшу өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттери менен мамилесин кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

“Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн Тегеранга болгон акыркы сапарлары жана президент Ибрахим Раисинин айрым коңшу өлкөлөргө болгон иш сапарлары муну тастыктап турат. Иран Кыргызстан менен мамилесин, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуусун кеңейтүүгө даяр” – деди иран саясатчысы.

Ошондой эле ал эки өлкөнүн өзгөчө экономикалык чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу зарылдыгын баса белгилеп өттү.

Мындан тышкары эки өлкөнүн парламенттеринде достук топторунун түзүлгөндүгүнө канааттануусун билдирип, парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун талкуулоого үчүн кыргыз кесиптешин Иранга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Айдарбеков Ирандын түрдүү тармактарда, өзгөчө экономикалык жана коммерциялык тармактарда мүмкүнчүлүгү жогору экендигин жана бул мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө алакаларды кенейтүү максатында пайдалануу зарыл экенин белгиледи.

Сөзүнүн аягында Айдарбеков коронавирус жайылып жаткан учурунда гуманитардык жардам көрсөткөнү үчүн Иранга ыраазычылык билдирди.

Комментарий жиберүү