Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болот

Москва Тегерандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) толук мүчө болуу өтүнүчүн колдойт.

Бул тууралуу Орусиянын Ирандагы элчиси Леван Жагарян РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
 «Бир катар эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча жакын жана бири-бирине дал келген позицияларыбыз бар. Ушул жылдын сентябрь айында Дүйшөмбү шаарында өтүүчү ШКУнун саммитине байланыштуу Ирандын бул Уюмга толук кандуу мүчөлүк алуу өтүнүчүн Орусия колдоорун ырастагым келет », – деп айтты дипломат.
Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) туруктуу өкмөттөр аралык эл аралык уюм болуп саналат, анын курамына Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан кирет.
Ал эми, ШКУнун байкоочу өлкөлөрү учурда Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия жана өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка болуп саналат.
Белгилей кетсек, Иран уюмга кирүү үчүн 2008-жылы арыз берген. Арызды мынча узак кароонун негизги себеби – президент Махмуд Ахмадинежаддын тушунда Тегерандын өзөктүк программасын иштеп чыгышы (2005-2013), ошондой эле жооп иретинде эларалык санкциялар болгон.

Комментарий жиберүү