Иран өзүнүн “Фахра” вакцинасын тааныштырды

Кечээ, шейшемби күнү Иранда коронавируска каршы өздүк “Фахра” вакцинасын сыноонун биринчи этабы башталып, маркум өзөктүк илимпоз Мохсен Фахризаденин уулу эмдөөдөн өттү.

Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги маалымдады.
Ирандын Коргоо тармагынын изилдөө жана инновация уюмунда (Сепанд) иштелип чыккан “Фахра” вакцинаснын презентациялык аземине өлкөнүн Коргоо жана Саламаттыкты сактоо министрлери генерал Амир Хатами жана Саид Намаки катышты.
Эске салсак, Мохсен Фахризаде 27-ноябрда Тегеран провинциясындагы кол салуунун натыйжасында каза болгон. Ал аралыктан башкарылган курал менен өлтүрүлгөн. Окумуштуу Коргоо министрлигинин алдындагы изилдөө жана инновациялар уюмун жетектеген.
Фахра вакцинасынын долбоорунун директору Ахмад Карими шейит Фахризаде жетектеген Коргоо тармагындагы илимий-инновациялык уюму коронавирус пандемиясы жайылып баштагандан кийин эле COVID-19га каршы вакцина өндүрүүнүн үстүнөн иштей баштаганын билдирди.
“Коронавируска каршы вакцинаны сыноо процесси 2020-жылдын март айында башталган. Вакцина өндүрүү процесси, анын ичинде клеткаларды өстүрүү, эмдөө, көбөйтүү, бөлүп алуу жана тазалоо, инактивация жана рецепт түзүү кыска мөөнөттө башталды, андан кийин жаныбарларды тестирлөө жана ар кандай контролдук тесттер жүргүзүлдү”, – деди Ахмад Карими.
Ошондой эле, лабораториялык текшерүүлөрдүн кийин жана ар кандай типтеги чычкандар, коендор, деңиз чочколору сыяктуу 650дөн ашуун жаныбарларга сыналгандан кийин жүргүзүлгөн вакцинанын эффективдүүлүгү далилденгенин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү