Ири суммада пара талап кылган президенттин басма сөз кызматынын башчысы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан ири суммада пара талап кылды деген шек менен президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы А.Н.С. кармалды.

Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, А.Н.С., кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык баюу максатып көздөп мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап, ири суммада акча талап кылган.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 326–беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Комментарий жиберүү