ИШИМ расмий түрдө Йемендин Ансаруллах тобуна каршы согуш жарыялады

ИШИМ террордук уюму расмий билдирүү жасап, Сауд коалициясы менен кызматташуусун жана Йемендин Ансаруллах күчтөрүнө каршы согушарын жарыялады.

Бул тууралуу “IranPress” агенттиги маалымдады.
Йемендеги ИШИМ тобунун террористтери билдирүүсүндө, Йемендин армиясынын жана Ансаруллах тобунун күчтөрү менен Мариб провинциясындагы Аль-Касара аймагындагы кагылышышканына токтолуп, кагылышуу учурунда Сана өкмөтүнүн бир катар күчтөрү набыт болуп, жаракат алышканын билдирди. Ошондой эле ИШИМ террордук тобу эки штабды басып алгандыгын жарыяланды.
Йемендин айрым маалымат каражаттары акыркы күндөрү Сана өкмөтүнүн күчтөрүнө каршы туруу үчүн ИГИЛ жана Аль-Каида топторунун командирлери Мариб провинциясында жүрүшкөнүн жазып чыгышкан.

Комментарий жиберүү