Йеменде бир айдын ичинде 13 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кеткен

БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюму (МЭУ) Йеменде уланып жаткан кагылышуулардан улам 2022-жылдын январь айында эле кеминде 13 миң 140 адам жер которгонун билдирди.

Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, Шабва, Ходейда, Таиз жана Мариб провинцияларында 2190 үй-бүлө үйлөрүн таштап, Йемендин салыштырмалуу коопсуз аймактарына жер которуп кетишкен.

МЭУ 2021-жылдын декабрында Йеменде өлкө ичинде жер которгон 130 миңден ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирген.

Мындан тышкары, Йеменге Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттардын агымы байкалууда, алар бул өлкөнүн аймагын бай араб өлкөлөрүнө транзит үчүн пайдаланышат.

2021-жылы Йеменге Перс булуңундагы өлкөлөргө жетүү максатында Эфиопия жана Сомалиден 24 миң мыйзамсыз мигрант келген.

БУУнун маалыматына боюнча, Йеменде согуш башталгандан бери 2021-жылдын аягына чейин согуш түз же кыйыр түрдө 377 миң адамдын өмүрүн алган.

Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Йемендеги гуманитардык кризис коркунучтуу деңгээлге жетти.
Белгилей кетсек, Йеменде 2014-жылдын августунан бери өкмөттүк күчтөр менен хуситтердин (Ансар Аллах кыймылы) тирешүүсү уланып келет. 2015-жылдын март айынан бери сауд коалициясы да хуситтердин позицияларын абадан бомбалап, согушуп келет.

Комментарий жиберүү