Казакстандын бийлиги калктын 60%ын вакциналоону пландаштырууда

Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөөлөр боюнча билдирди.

 Islam Today маалымат сайты билдиргендей, Казакстандын бийлиги коронавируска каршы вакцина менен калктын кеминде 60%ын эмдөөгө ниеттенүүдө.
Медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нурлыбек Асылбеков, казакстандыктар орусиялык “Спутник V” жана ата-мекендик “QazCovid-In” вакцинасы менен эмделишерин билдирди.
«Биз биринчи жолу Sputnik V вакцинасынын өлкөдө өндүрүлүшүн колдоп, эмдөөгө өткөрдүк. Кийинки баскычта биздин өздүк “QazCovid-In” вакцинасынын өндүрүлүшүнө айрыкча басым жасамакчыбыз”, -деди Саматтыкты сактоо министрлигинин өкүлү.
Эске салсак, мурдараак Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой 2021-жылдан баштап,18,8 млн. калктуу өлкөдө кеминде 6 млн. адам эмделе тургандыгын айткан.

Комментарий жиберүү