Казакстан Кыргызстанга жардам иретинде 10 миң тонна ун жөнөтөт

Казакстан Республикасынын президенти Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Берик Уали маалымдады.

“Кыргыз Республикасы менен салттуу достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерин жетекчиликке алып, Президент Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине Казакстан элинин атынан гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Коңшу өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт. Өкмөт мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткара баштады”, – деп жазды Берик Уали Фейсбук баракчасына.
 

Буга чейин, 1-майда Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаровго Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго байланыштуу көңүл айтканы маалымдалган. Сүйлөшүү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен ишке ашкан.

Комментарий жиберүү