Казакстан менен Өзбекстандын президенттери эки маанилүү келишимге кол коюшту

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун деңгээлинде 15 документке кол коюлду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкентке жасаган иш сапарынын жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары эки маанилүү документке: шериктештик мамилелер жана өзбек-казак мамлекеттик чек арасын  демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

“Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында “Ар тараптуу кызматташтык, ишеним, тең укуктуулук жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу” жөнүндө жазылган макулдашууга кол коюлду”, – деп айтылат маалыматта.

Документте тараптардын бири үчүнчү мамлекеттер тарабынан куралдуу кол салуу коркунучу жаралганын билдирген учурда Астана менен Ташкент тез арада чара көрүү үчүн өз ара кеңешмелерди өткөрөрү белгиленген.

Президенттер мындан тышкары, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын демаркациялоо тууралуу келишимге да кол коюшту.

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасынын узунудугу 2 миң 300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы башталган.

Анын алдында чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызыл-Ордо облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.

Буга чейин эки өлкөнүн чек арасын аныктоодо көптөгөн талаш-тартыш болгон.

Казак лидеринин кеңсеси билдиргендей, эки коңшу саясий, соода-экономикалык, энергетика, транспорт-логистика, айыл чарба жана башка тармактарда алаканы кеңейтүүнү талкуулап, жалпысынан 15тен ашык келишимге кол коюлду.

Быйыл Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетти. Талдоочулар Токаевдин Ташкентке сапарынан кийин бул сумма 8 миллиард долларга чейин көтөрүлөрүн божомолдоодо.

Эске салсак, Токаев Өзбекстанга расмий сапар менен 21-декабрда барган. Аны менен бирге Казакстан өкмөтүнүн мүчөлөрү, ири компаниялардын өкүлдөрү барышкан.

Комментарий жиберүү