Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, КМШнын мамлекет башчыларынын жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Кол коюлган документтер:
🔵 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө);
🔵 Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШ Аткаруу катчысы жөнүндө;
🔵 КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
🔵 КМШны өнүктүрүүдө ага мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык Ассамблеясынын ролу жөнүндө;
🔵 КМШнын алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө;
🔵 КМШда 2024-жылды — Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды — Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо тууралуу;
🔵 КМШга мүчө-мамлекеттердин Шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу жөнүндө.
🔵 КМШга мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу макулдашуу жөнүндө;
🔵 КМШга мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө;
🔵 Эркин соода кызмат көрсөтүүлөрү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө;
🔵 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын (Россия Федерациясы) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
🔵 КМШга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү жөнүндө;
🔵 КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө;
🔵 КМШнын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө;
🔵 КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө;
🔵 КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын климат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу билдирүүсү жөнүндө.