Кытайдан 1,1 млн. даана вакцина келет

Кыргыз Республикасы коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын 1 миллиондон ашуун дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты.

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты.

Сатылып алынган 1,1 млн вакцинанын дозасы жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасына атайын чартердик каттам аркылуу жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытай Эл Республикасы тарабынан акысыз негизде берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы да алып келинет.

КР Министрлер Кабинетинин аталган кадамы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргызстанга эмдөөлөрдү жеткирүү тууралуу өз учурундагы чечимине жараша орун алды жана өлкө тургундарын вакцинациялоо темпин тездетүүгө жана COVID-19 дарты менен ооругандардын жана андан каза болгондордун санын кыскартууга мүмкүндүк берет. 

Республикага вакцинанын жеткирилиши жана калкты вакцинациялоо маселеси Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө.

Комментарий жиберүү