Кытайда дрон орнотулган смартфон ойлоп табылды (фото)

Кытайлык Vivo компаниясы камералары бар дрон орнотулган өзгөчө смартфон ойлоп тапты.

Бул тууралуу нидерланддык LetsGoDigital басылмасы билдирет.

Патент Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна (WIPO) декабрь айында берилген, бирок арыз июль айында гана жарыяланды.

Маалыматка ылайык, чакан квадрокоптер смартфондун корпусунун жогору жагындагы оюкта жайгаштырылат. Дрон  төрт дилдирек, өзүнчө аккумулятор, эки камерадан жана жакындата турган үч инфракызыл датчик менен жабдылат.

Квадрокоптер маалыматтарды телефонго Wi-Fi жана Bluetooth аркылуу өткөрүп берет.

Аппарат сүрөттөрдү жана видеолорду бийиктиктен тартууга ылайыкталган.

Колдонуучулар смартфонго орнотулган дронду сыртка коё берип, аны смартфондун дисплейи аркылуу башкарат.

Мындай смартфондор качан жасалары жана сатыкка качан чыгары азырынча белгисиз.

Комментарий жиберүү