Кытайдын окумуштуулары омикронго окшош жаңы коронавирусту аныкташты

Кытайдын окумуштуулары NeoCoV деген аталыштагы жаңы коронавирусту аныкташты.

Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, ал дүйнөнү бүт каптаган SARS-CoV-2 аталышындагы коронавирус менен жалпы өзгөчөлүктөргө ээ.

Жаны штамм Түштүк Африка Республикасындагы жарганаттардан табылган. Ухань шаарындагы университетте эмгектенген окумуштуулар NeoCoV мутация болуп кетүү жөндөмүнө ээ экенин жана анын жыйынтыгында жаныбарлардын эле эмес, адамдын да клеткаларына кирип кетиши ыктымалдыгын эскертишти.

Маалыматка караганда, NeoCoV менен SARS-CoV-2 аталышындагы коронавирустун клеткаларга өтүп кетүү механизмдери окшош. Бирок, окумуштуулар вирусту дагы тыкыр байкоого алуу зарылдыгын жана анын табияты жетиштүү деңгээлде изилденип бүтө электигин билдиришти.

Белгилей кетсек, учурда дүйнө жүзү боюнча ондогон өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да коронавирустун “омикрон” штаммы жайылууда. Дарыгерлер илдеттин бул түрү жаш балдар арасында да көп катталып жатканын билдиришүүдө.

Комментарий жиберүү