Лавров: «АКШнын Украинадагы биологиялык лабораториялары жашыруун болгон»

Украинада жайгашкан АКШнын биологиялык лабораториялары ал жерде жашыруун болгон. Мындай билдирүүнү 10-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана Түркиянын ТИМ башчысы Мевлют Чавушоглу менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жасады.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Лавров Орусия АКШнын Украинадагы биологиялык ишмердүүлүгүн кантип түшүндүрүүгө болоруна жооп талап кылат деди.

“Пентагон биологиялык, токсиндик куралдарга тыюу салуу боюнча тиешелүү конвенцияны бузуу менен бүткүл дүйнө боюнча аскердик биологиялык лабораторияларды түзүү программасынын алкагында Украинанын аймагында бир нече ондогон аскердик биологиялык лабораторияларды түзгөнү тууралуу ачыкталган маалыматтар бизди абдан тынчсыздандырууда. Муну кантип түшүндүрсө болот деп расмий суроо жөнөттү, биз жооп талап кылабыз”, – деди министр.

Ошол эле учурда Лавров украиналык лабораторияларда эксперименттер тынч мүнөздө болбогонун,  ал “этникалык багыттагы” биологиялык курал жасоого багытталганын белгиледи.

“Менде алардын бул курал-жарактарын колдонгону тууралуу эч кандай маалымат жок, бирок ал таптакыр тынч мүнөздөгү эксперименттер эместиги, этникалык багыттагы биологиялык куралды жасоо эксперименти экенинен шек жок”, – деди Лавров.

Вашингтондун Украинанын аймагындагы биологиялык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды төгүндөөсү таң калыштуу эмес, бардыгы терең жашыруун ишке ашырылган деди ал.

Министр белгилегендей, АКШ постсоветтик мейкиндиктин башка мамлекеттеринде да дал ушундай жол менен иштеп, Орусия Федерациясынын жана Кытайдын периметри боюнча өзүнүн аскердик биологиялык лабораторияларын түзүүдө.

“Мындан кутулуу мүмкүн эмес, Биологиялык, токсиндик куралдарга тыюу салуу боюнча конвенция бар, ал мамлекеттерден өз аймагында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде жүргүзгөн ар кандай иш-аракеттери жөнүндө отчет беришин талап кылат”, – деди Лавров.

9-мартта Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы генерал-майор Игорь Конашенков Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө Киев режиминин өзүнүн аймагындагы аскердик-биологиялык программалардын изин тез арада тазалаган фактылар табылганын билдирген.

Анын айтымында, Украинанын биологиялык лабораторияларынын кызматкерлеринен 24-февралда өтө коркунучтуу патогендер – чума, сибирь күйдүргүсү, туляремия, холера жана башка өлүмгө алып келе турган оорулардын шашылыш жок кылынгандыгы тууралуу маалыматтар алынган.

Кийинчерээк АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд Украинада биологиялык изилдөө объектилери бар экенин ырастаган.

Комментарий жиберүү