Лавров сынга чыдабай “Чоң жыйырманын” жыйынынан чыгып кетти

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сындарга чыдабай, “Чоң жыйырмага” мүчө өнүккөн мамлекеттердин дипломаттарынын жыйынынан чыгып кетти.

8-июлдагы эртең мененки жыйында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Москваны Украинага кол салганы үчүн кескин айыптады. Мындан улам Лавров залдан чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Ошондой эле ал күндүзгү жыйындан да Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба сүйлөрдө чыгып кетти.

– “Агрессорлор, баскынчылар — биз бүгүн көп сөздү уктук”, – деди Лавров журналисттерге.

Анын айтымында, дипломаттарга “сөз тиери менен эле Орусияны болуп көрбөгөндөй айыптап киришкен”.

8-июлда Индонезиянын Бали шаарында өткөн жыйындын күн тартибине Украинадагы согуш, анын кесепетинен жаралган дүйнөдөгү каатчылык коюлган.

Айрым Батыш лидерлери Орусияны Украианга кол салганы үчүн “Чоң жыйырмадан” чыгарып салууга чакырышкан. Ал эми АКШ жана анын өнөктөштөрү орус президенти Владимир Путин ноябрдагы саммитке чакырылса, жыйынды бойкотторун эскертишкен.

Украина “Чоң жыйырмага” мүчө эмес. Бирок ноябрда өтчү саммитке Украинанын президенти Владимир Зеленский да чакырылган. Ал эгер согуш токтобосо, бара албастыгын билдирген.

“Чоң жыйырмага” кирген мамлекеттердин үлүшүнө дүйнөлүк экономикалык өндүрүштүн 80% жана дүйнө калкынын үчтөн экиси туура келет.

Комментарий жиберүү