Москвада пневмониядан дарыланып жаткан Өзбекстандын башкы муфтийи Усмонхон Алимов каза болду

Кечээ, 15 -августта 72 жашында Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын төрагасы, муфтий Усмонхон Темирхон углы Алимов каза болду.

Бул тууралуу Өзбекстан дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Усмонхон Алимов пневмониядан Москвада дарыланып жатканы кабарланган.
 Белгилей кетсек, У. Алимов 1950-жылы  1-январда Самарканд облусунун Иштихан районунда туулган. 1982-1983-жылдары Бухара шаарындагы Мир Араб медресесинде, 1983-1987-жылдары Ташкент Ислам институтунда, 1989-1990-жылдары Карауиин университетинде (Марокко) окуган.
Ал эми, 1987-2000-жылдары Самарканд облусунун Пайарик районундагы Имам аль-Бухари мечитинде имам болуп иштеген.
2000-жылдын январында Самарканд облусунун муфтийи болуп дайындалган.
Эске салсак, Усмонхон Алимов 2006 -жылдан бери Өзбекстандын муфтийи жана Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген.

Комментарий жиберүү