НАТОнун Баш катчысы: Америка менен Европаны Кытайга каршы бириктирүү керек

Йенс Столтенберг НАТОнун мүчөлөрүн Пекинге каршы биргелешип күрөшүүгө чакырып, Кытайды АКШ жана Европа үчүн жалпы коркунуч деп атады.

 Mehr News агенттигинин маалыматына ыалйык, НАТОнун Башкы катчысы Европалык Колледж ( Брюгге) студенттеринин алдында сүйлөп жатып, Кытайдын көтөрүлүшү, киберчабуулдар жана деструктивдүү технологиялар сыяктуу жалпы глобалдык чакырыктарга каршы туруу үчүн АКШ-Европа кызматташтыгынын зарылдыгын белгиледи.

Йенс Столтенберг мындай деди: “Бүгүнкү күндө НАТОнун 30 күчтүү мүчөсү бар жана дээрлик бир миллиард адамдын коопсуздугун коргойт.”
“Бирок биздин биримдигибиз бизди курчап турган дүйнө өзгөргөн сайын өзгөрүп турат жана биз бул кыйынчылыктарга көнүшүбүз керек”,- деп кошумчалады НАТОнун Баш катчысы.
 Ал кошумчалагандай: “Кытай биздин душманыбыз болбосо дагы, Түндүк Америка жана Европа Бирлиги биздин блокторго кошулбаган мамлекеттерибизге, айрыкча дүйнөдөгү экинчи ири державага (Кытай) аскердик чыгымдары жагынан сергек болушу керек.”
Столтенберг андан ары Кытай менен Батыштын ар башка баалуулуктарын баса белгилеп, Кытайдын дүйнөлүк держава катары пайда болушу Европа жана Түндүк Америка үчүн чоң чакырык экендигин, Европа жана АКШ буга каршы кызматташууда биригиши керектигин баса белгиледи.
 Белгилей кетсек, Жо Байден кызматына киришкенден кийин жана анын НАТОнун бекемделишине көмөктөшкөндөн бери, НАТО, Орусия жана Кытайдын ортосундагы кыйынчылыктар туу чокусуна жетип, эки тараптын жогорку кызмат адамдары акыркы эки айда бири-бирине каршы коркутуп-үркүтүүлөр менен чыгышуда.

Комментарий жиберүү