Норвегияда коронавирустун жаңы түрү табылды

Новегияда B.1.525 деп аталган коронавирустун жаңы түрүнүн 10 учуру катталды.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, 18-февралда Норвегияда COVID-19дун B.1.525 деген жаңы түрү табылды.
Буга чейин коронавирустун бул түрүнүн 30га жакын учуру Улуу Британияда, Данияда жана АКШда катталган.
Норвегиянын Саламаттыкты сактоо институтунун башчысы Лине Вольд “Жаңы вирус тез жайылабы же жокпу, азырынча так билбейбиз. Бирок тез жугушу мүмкүн. Ошондой эле, дагы бир жагдай, вирус өлкөгө чет өлкөдөн кирген-кирбегенин дагы айта албайбыз. Коронавирустун жаңы түрлөрүнүн чыгышы табигый нерсе, анткени вирус өзүнүн жашоо процессинде дайыма өзгөрүп турат”, – деп билдирди.
Дарыгерлердин айтымында, коронавирустун бут түрү Улуу Британия жана Түштүк Африкада табылган түрүнө окшош. Буга чейин бул өлкөдө коронавирустун жаңы британиялык жана түштүк африкалык түрүн жуктурган 700дөн ашык учур катталган.

Комментарий жиберүү