Окумуштуулар: «Омикрон» пластик буюмдарда жана адамдын терисинде мурунку штаммдарга караганда узак жашайт

Киотодогу Медициналык университеттин окумуштуулары коронавирустун “омикрон” штаммы кээ бир буюмдардын беттеринде узак жашагандыктан тез жайылып жатат деп эсептешет.

Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы Biorxiv порталына жарыяланды.

Адистердин айтымында, SARS-CoV-2нин жаңы мутациясы вирустун мурунку версияларына караганда пластик буюмдарда жана адамдын терисинде бир топ узак жашай алат. Мындан тышкары, “омикрон” көпкө чейин жугуштуу бойдон калышы мүмкүн.

Баштапкы вирус пластиктин бетинде орточо эсеп менен 56 саат жашаса, “дельта” штаммы 114 саат бою турган. Ал эми “омикрон” мындай буюмдардын бетинде  болжол менен 193,5 саат жашай алган, дешти окумуштуулар.

Баштапкы SARS-CoV-2 өлгөн адамдардын терисинин үлгүлөрүндө 8,6 саат турса, акыркы мутация 21,1 саат жашаган.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, дал ушул себептерден улам “омикрон” коронавирустун мурунку варианттарын сүрүп, өтө тездик менен көбөйө баштаган.

SARS-CoV2 коронавирусунун жаңы түрү биринчи жолу ноябрда Ботсванада жана Түштүк Африкада табылган. Штаммда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун ондогон мутациясы бар.  Алдын ала тыянактар боюнча коронавирустун бул варианты иммунитети абдан алсыз, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүккөн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен “омикрон” деп атаган.

Комментарий жиберүү