Окумуштуулар COVID-19ду аныктай турган беткап ойлоп табышты

Коронавирустун бар-жогун аныктоо үчүн беткапты бир жарым саат кийип жүрүү керек.

Вирустарды аныктоочу мындай датчиктер бир нече жыл мурун Эбола жана Зика вирусун аныктоо үчүн иштелип чыккан.

Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары адамдын организминде коронавирус бар экендигин аныктоого мүмкүндүк бере турган коргоочу беткап ойлоп табышты.

Адистер өздөрү иштеп чыккан беткап тууралуу 29-июнда Массачусетс Технологиялык Институтунун сайтында жарыяланган макалада айтып беришкен.

Америкалык окумуштуулар ойлоп тапкан беткаптын ичине кичинекей алынып салынуучу датчик  орнотулган. Датчик беткапты тагынган адамдын ден соолугунун абалын жазат. Датчикти кийимге да орнотууга болот.

Беткап вирустун бар-жогун бир жарым сааттан кийин аныктайт.

Окумуштуулар белгилешкендей, мындай беткаптар мындан бир нече жыл мурун Эбола жана Зика вирустарын аныктоо үчүн иштелип чыккан.

Беткапты ойлоп табууга Гарвард университетинин окумуштуулары да катышкан.

Окумуштуулардын бул ойлоп табуусу башка вирустарды да аныктай алат деп болжолдонууда.

Комментарий жиберүү