Ооганстандагы акыркы кырдаал: Өлкөдөгү азыркы жагдайга Ашраф Гани жооптуу (сүрөт)

Ооганстандын Жогорку Жарашуу Кеңешинин башчысы Абдулла Абдулла өлкөнүн президенти Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кеткенин кескин сынга алып, Ооганстандагы азыркы кырдаал үчүн аны күнөөлөдү.

Белгилей кетсек, Абдулла Абдулла Фейсбуктагы баракчасына видео кайрылуу жарыялап, качып кеткен президентти сындап, аны учурдагы кырдаалга күнөөлөдү. Ооган элин сабырдуулукка чакырган башчы,  Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн өлкөнүн ички коопсуздугун, айрыкча Кабулда камсыз кылуу үчүн бардык күч -аракетин жумшоосун талап кылды.
Эске салсак, 15-августта талибандардын Кабул шаарын курчоо убагында президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Берилген маалыматтарга ылайык, президент Тажикстан аркылуу Өзбекстанга жана андан ары Оманга учуп кеткен.
Азыркы тапта талибандар президенттин коргонун ээлеп алышкан. Айрым өлкөлөр Ооганстандагы элчиликтерин жабышууда.
Кырдаалга байланыштуу Ооганстандын экс-президенти Хамид Карзай, Жогорку Жарашуу Кеңешинин башчысы Абдулла Абдулла жана жетекчи Хекматярдын курамында атайын кеңеш түзүлдү. Ошол эле учурда талибандар кыймылы өлкөдө түзүлгөн “өткөөл өкмөттү” тааныбай турганын жарыялашкан.

Комментарий жиберүү