Орусиядан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды

Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө 31-августка чейин дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды.

Бул тууралуу Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Тыюу буудай, меслин, кара буудай, арпа, жүгөрү жана кумшекерге киргизилди. Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлиги тарабынан берилген экспорттук лицензиялар боюнча өзүнчө шарт каралат.

Орусиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү быйылкы сезондо алымсыз режимде зарыл болгон сатып алуулардын көлөмүн ишке ашырган. Ошондуктан убактылуу тыюу айыл чарба продукциясынын сыртка чыгып кетишинин алдын алат.

Орусия Украинага бастырып киргенден кийин АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга катаал санкцияларды киргизип жатат. Орусиянын улуттук валютасы согуш башталгандан бери эки эсеге жакын кунун жоготту.

Украинадагы кырдаалдын шартында Кыргызстанда дагы азык-түлүктүн кымбаттаганы байкалууда. Кыргызстан дан өсүмдүктөрүн негизинен Орусия жана Казакстандан импорттойт.

https://www.azattyk.org/a/31747598.html

Комментарий жиберүү