Орусияда коронавирустун бар-жогун 27 мүнөттө аныктай турган аппарат иштелип чыкты

Орусиянын Федералдык медико-биологиялык агенттигинин (ФМБА) адистери адамдарда коронавирустун бар-жогун 27 мүнөттүн ичинде жогорку тактык менен аныктай ала турган аппарат ойлоп табышты.

Бул тууралуу ФМБАнын трансляциялык медицина жана инновациялык технологиялар башкармалыгынын жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Дарья Крючко РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, аппарат ФМБАнын физика-химиялык медицина институтунун адистери тарабынан иштелип чыккан. Ал вирустун антигенинин бар экендигин аныктайт.
“Диагностикалык система 27 мүнөттүн ичинде (үлгү алынган учурдан баштап жыйынтыкка чейин) жогорку тактык менен антигендин бар-жогун аныктайт”, – деди Крючко.
Анын айтымында, аппарат толук иштелип чыккандан кийин ал башка антигендерди да аныктай алат.

Комментарий жиберүү